Жаңылыктар

Улукбек Карыбек уулу шайлоого катышпай турганын билдирди

Эркин журналист Улукбек Карыбек уулу буга чейинки Эдил Байсаловдун сынына жооп берип жатып келе жаткан ЖК шайлоого катышпай турганын билдирди.

«Эдил мырза! Биринчиден, Сиз жана сиздей болуп элдин эсебинен айлык алып иштеп жаткан билим берүү министрлигинин жетекчилери, Бишкек мэри, мэриянын айрым жетекчи кызматкерлери, эгер сиздер өз ишиңиздерди татыктуу, сапаттуу иштегениңидерде, эл эсебинен алган айлыктарыңыздарды актаганыңыздарда мага түз жана соц тармактагы баракчам аркылуу ыйлап, көйгөйлөрүбүздү коомдук мейкиндикке чыгаруу менен чечүүгө жардам берчи деп, миңдеген адамдар кайрылышпайт эле.

Экинчиден, эсиңизге салып койчу нерсе, сиз жана сизге окшогон мамлекеттик кызматкерлер менен менин айырмам эки бөлөк. Сиздер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтасыздар. Мен болсо жеке тарапмын (жаранмын). Эмоция жеке тарап үчүн кечиримдүү болушу мүмкүн, бирок, мамлекеттик кызматкерге кечиримсиз экенин эч унутпаңыздар. Этика, тарбия жана билимдүүлүк жөнүндө жакшы айтыпсыз.

Бала бакчага барган Бишкек билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басаарынын катышуусундагы видеоматериалдарды, сиздердин эсиңиздерге салып, коомчулуктун талкуусуна чыгаргандан кийинки жагдайды өз көзүңүздөр менен көрдүңүздөр.

Коомчулук акыбалга баасын берген соң, этика, билим, тарбия жана тартип мага, жеке тарапка эмей эле, сиздерге, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге керек болуп калды көрүнөт.

Үчүнчүдөн, сиз ээлеп отурган кызматка, сиздин компетенттүүлүгүңүз жетишсиз окшойт деген ой жаралып калды. Анткени, мен эмес, тескерисинче, сиз маалыматты бурмалап жалган маалымат таркатып, элди заблужденияга киргизип жатасыз. Карамагыңыздагы өкмөттүн социалдык багытындагы алешемдиктерди актоо, мекемелердеги терс көрүнүштөрдү жабуу максатында, коомду манипуляция кылуу аракет жасап жаткандыгыңызды мен далил менен белгилеп коюуну туура көрдүм.

Мамлекеттик, социалдык мекемелерди, мамлекеттик органдар гана текшере алат, менин андай укугум жок. Ошондуктан, мамлекеттик органдардын текшерүүсү менен жарандардын мамлекеттик органдардан, социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринен маалымат алуусу, бул эки бөлөк нерсе. Сиздердин текшерүңүздөрдө мыйзамдын талабынан кенедей да кылчайбай, өкмөттүн токтомунун жоболорунда көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык текшерүүгө милдеттүүсүздөр.

Ал эми бала бакчага тиешелүү ата-энелер өз балдарынын кандай шарттарда тарбия алып жаткандыгын, бала бакчанын имаратына кирип, анын жетекчисинен, кызматкерлеринен, маалымат алууга толук укуктуу жана мыйзам дагы буга жол берет. Сиз бала бакчага тиешелүү менин чыгарылышымдан, менин ал жакка кандай киргендигимди көрбөй-билбей, сынга албаңыздар.

Мен тараптан мыйзам бузуу фактысы болсо, кайсы мыйзамды бузгандыгымды көрсөтүп бериңиздер.Мен сизге кабар берип коеюн. Биздин команда ал жакка ата- энелердин чакыруусу менен, алардын ишеним тил катынын негизинде, эң негизгиси текшерүү эмес, маалымат алганы, тактаганы барганбыз.

Эгерде, терс көрүнүштөр байкалса, мамлекеттик атайын кызматтарга текшерип, юридикалык баа берүүсү үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн укугубузду колдонуп, арызыбыз менен кайрылдык. Мындан ары окуянын чоо-жайына укук коргоо органдары мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптин негизинде текшерүү жүргүзүп, юридикалык баасын берип, мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чараларын көрүп, жоопко тартууга өз сунуштарын берет деп ойлоймун.

Эдил мырза, сиздердин коомчулукка тескери маалымат таратып, көйгөйдү манипуляциялооңуздар, мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт. Сиздер кантип өзүңүздөрдү алып жүрүү, кантип иш алып баруу жана кандай сүйлөөңүздөр боюнча, толугу менен Президенттин указында шурудай тизмектелип көрсөтүлгөн.

Эгер ал указ менен тааныш эмес болсоңуздар, анда ал указды окуп, жана ошондой эле менин укугума, милдетиме, жүрүм-турумума тиешелүү болгон, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексин дагы бир сыйра окуп, анан соц. тармакка чыгып пикириңизди жазсаңыз туура болот окшойт деп, кеңеш берет элем.Ал эми мага тиешелүү сын пикириңиздерди эмне максатта жазгандагыңыз оркойуп көрүнүп, билинип калды окшойт.

Менин жүрүм-турумумду сындамыш этип, ошону себеп кылып, Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн, элдин мамлекеттик мекемелерден маалымат алуусун оорлотуп, мыйзам менен чектөө киргизүү идеясын таштап койдуңуздар. Мындай аракетти, сиз көзөмөлдөгөн мамлекеттин социалдык багытындагы, жакшы иш алып бара албай, көзөмөл жүргүзүп координация кыла албай, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жолдорун таба албагандыктан барып жатасыз.

Сизге жана сизге окшогон компетенциясы туура келбеген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, элдин жана журналисттердин сынынан адекваттуу чечим кабыл алып, туура реакция кылуу оор болуп жатат. Бирок, мен сизге ишеним менен айта алам, сиздин андай идеяңыз ишке ашпайт.

Биринчиден, андайга демократиялык өлкөдө, демократиялык тарбия алып, жашап жаткан активдүү кыргыз эли жол бербейт. Экинчиден, өлкө башчыбыздын саясатына карама-каршы келет. Анткени Президент Садыр Жапаровдун ар бир интервьюсунда, эл менен жолугушууларында ар дайым баса белгилеп, мамлекетик органдар жана анын кызматкерлери, элге ачык жана жакын болуусун көп эскертет. Ошондон улам, сиз мамлекет башчынын саясатына карама-каршы собатаж жүргүзүп жатабы деп күмөн саноого жол ачып жатасыз.

Намысыңыз жол берсе, бул жагдайдан чыгууга конкреттүү сунушубузду да берүүгө даярбыз. Дагы бир так белгилеп кетчү нерсе, Ленин району боюнча, Жаныбек Абиров мырзанын, белгилүү себептер менен мандатын өз каалоосуунда тапшыруусунун негизинде, Жогорку Кеңешинин депутаттыгына пайда болгон ваканттык орундукка, коомчулук мени колдоп, депутаттыка кандидатураңды кой деп сүрөп жатышат.Ал бетте коомчулук колдоп жаткан соң, депутаттык мандатты алып бийлик бутагына илешип, АК ҮЙДӨ депутат болуп отуруп калышыма толук ишенем көзүм жетип турат. Бирок, сунуш кылган адамдардан кечирим сурап, депутаттыкка барыштан баш тарткандыгымды коомчулукка билдирип кеткем.

Мындай кадамга барганымдын себептери бир канча: Биринчиден, менин тарбиям, жашоого жана саясатка болгон көз карашым, адам деген статусум жол берген жок. Ал жерге мамлекет, элдин жашоосун оңоп, элдин жүгүн тартуу үчүн баруу керек. Мамлекеттин аткаруу бийлигин, мамлекет жана эл үчүн эффективдүү, так жана сапаттуу иштешин талап кыла алыш үчүн, сенин өзүңдүн билимиң, иш тажрыйбаң, ой жүгүртүү денгээлин, алардыкынан кыйла жогору болушу зарыл.

Менин Жогорку Кеңеште, айрым депутаттардай өз кызыкчылыгым жок. Тажрыйбасы жок, элдин кыжырын келтирип, айрым учурларда шылдыңда болуп, элдин эсебинен бекер тамак жеп, элдин дагы, өзүмдүн дагы убактымды кетиргим келбейт.

Мен Жогорку Кеңешке, ал жердеги бүгүнкү жүрөк айланарлык көрүнуштү өзгөртүп, депуттатар мамлекет элдин кызыкчылыгына иштей тургандай кылып өзгөртө алаарыма, тажрыйбам, күчүм жетиштүү боло турганда гана барамын.

Ошону менен бирге, кайсы мыйзамдардын кандай кемчиликтери бар, кайсыл мыйзамдар элге каршы иштеп жатат, элдин жашоосун оңдоо үчүн кандай мыйзамдар керектигин, мониторит этип анализ жүргүзүп, ошонун негизинде келечекте мамлекетке, элге иш алып баруумду пландаштыруу менен стратегиямды түзө беремин. Азырынча айрым акылдуу чиновниктердин көз карашындагыдай, тарбиясы жок журналист болуп жүрө турайын!!!

Яндекс.Метрика