Жаңылыктар

Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду

Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 24- беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин өзү жазган арызынын негизинде кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана ал Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.

Кочкоров бул кызматты 2018-жылдын 25-октябрынан бери ээлеп келген.

Яндекс.Метрика