Видео Жаңылыктар

Улукбек Марипов жубайы менен бирге вакцина алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бирге Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Улукбек Марипов пандемияга каршы күрөштө жалпы эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды вакцина алууга чакырды.

«Министрлер кабинети жарандарды коронавируска каршы эмдөө менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоодо, бул вирустук илдеттен коргоонуу үчүн натыйжалуу жана коопсуз ыкма болуп саналат. Жакынкы арада биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн кошумча вакцина алууну пландаштыруудабыз.

Азыркы учурда өлкө жарандарын вакцинациялоонун темпин күчөтүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдети болуп саналат», — деди ал.

Марипов медицина кызматкерлерине пандемияга каршы күрөшүүгө кошуп жаткан маанилүү салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Видео:

Яндекс.Метрика