Улукбек Мариповдун «банан жебей сабиз жегиле» дегени талкууга алынды
Толугу менен Улукбек Марипов
- Марипов Баткен элин ачууланткан сөзүнө түшүндүрмө берди
- "Балдар атала жеп калды". 6 айдан бери этти көрө элек келин Мариповко катуу айтты
- Садыр Жапаров Улукбек Марипов менен жолугуп тапшырма берди
- Жээнбеков "чык эшикке" деп кууп чыккан чиновник Мариповпу?
- Көпчүлүккө жаккан жок. Улукбек Мариповго нааразы болгондор көбөйүүдө
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба жарманкесин кыдырып, баалар менен таанышты. Марипов шаар тургундары менен маектешип, алардын көйгөйлөрүн укту. Тургундар өкмөт башчыга тамак-аш продукцияларына болгон баалардын күн санап өсүшү тынчсыздандырып жатканын айтышты.

«Өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды көбүрөөк колдонууга чакырам. Мисалы той-аштарда сөзсүз түрдө банан колдонобуз. Банан бизде таптакыр өспөйт. Ошондуктан алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштерди колдонууга үндөп келем», — деди Марипов.
Өкмөт башчынын бул сөзүнө интернет колдонуучулары түрлүү пикирлерди жазышууда.