Унаасын сатып алам деп барып, коркутуп скотч менен байлап талаага таштап кетишкен
Ысык-Ата районунун Алга айылынан анча алыс эмес жерде 2023-жылдын 4-апрелинде саат 14:00дөр чамасында жергиликтүү тургун талаада скотч менен оролуп жерде жаткан адамды көрүп, дароо милицияга кабарлаган.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. «Окуя болгон жерге барган Ысык-Ата РИИБнин тергөө-ыкчам тобу оозу, көзү, колу, буту жана денеси скотч менен оролгон жаран Б. Н. табылган.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 3-апрелинде кечинде Б.Н. Достоевский жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде интернетке сатыкка койгон Range Rover унаасын сатып алам деп тааныштырган белгисиз адамдар менен жолуккан.
Сатып алуучулар аны коркутуп, скотч менен ороп, унаанын документтерин, 50 миң сом жана iPhone 11 Pro телефонун алып кетишкен. Андан кийин аны башка машинага салып, талаага алып кетишкен. Ал эми Range Rover унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен.
Факты боюнча Ысык-Ата РИИБде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул иш Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, тажрыйбалуу кызматкерлерден турган тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, оор кылмыштын бетин ачууга бардык күчтөр жумшалган.
Чүй ОИИБнын жана Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар менен фактылар боюнча бул кылмышка шектүү адамдар аныкталып, алар К.Н. 1998, С.К. 1994-жылы туулган жана М.А. 1994-жылы туулган жарандар кармалышкан.

Range Rover үлгүсүндөгү унаа Ош облусунан табылып, кылмышка шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жай камалышты. Баарына Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 144-беренеси (коркунучта калтыруу) боюнча айып тагылып, Ысык-Ата райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы каралат. Кылмыш ишинин тергөө амалдары уланып, кылмыштын калган катышуучуларынын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүп жатат.