Видео

Ушул жылдагы эң чоң митинг. Нааразы болгондор көчөгө чыгышты

14-февралда “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы башталды. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгарын билдиришти.

“Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүн жүрүштүн уюштуруучусу жарандык коом экенин билдирди жана жарандар мамлекетти көзөмөлгө алганды, талап койгонду үйрөнгөндө гана өлкө өнүгөрүн, өзгөрөрүн белгиледи.

Акциянын катышуучулары “Биз өнүккөн өлкө үчүн!”, “Биз жаркын келечек үчүн!” “Мыйзамдуу өлкө үчүн!” деген ураандарды айтып, бажыдагы коррупция боюнча иштер калыс иликтениши зарыл экенин белгилеп жатышат.

Видео:

Яндекс.Метрика