Кызыктуу

Устаздын чукул сөздөрү. Чубак ажынын кызыктуу жооптору

45 жашында дүйнө салган устаз Чубак ажы Жалилов оозунда сөзү бар, дин тууралуу жалпак тил менен, ошол эле учурда илимге таянып түшүндүрүп берген аалым эле. Көзүнүн тирүүсүндө ал ЖМКлар аркылуу элдин суроолоруна азил-чыны аралаш жооп берип турчу.

Дин аалымынын элге сиңип, элде калган кызыктуу жоопторунан, учкул сөздөрүнөн сунуштайбыз:

— Жаттаган нерсем эсимден чыгып калат. Эмне кылсам болот?
— Жаттаганыңды кайталап тур.

— Намазды кыргызча окуса болбойбу?
— Болот, бирок кыраатын кайсы обончуга жаздырасыз?

— Мечит көбөйдү. Алардын ордуна мектеп курса болбойбу?
— Болот, ким кой деди. Курам дегендер болсо курсун.

— Арак деле нан жасалган буудайдан жасалат да. Аны эмнеге арам дейсиңер?
— Энеңиз менен кызыңыз деле аял да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүңөр?

— Канча жаштан баштап мусулманга сакал коюу сүннөт?
— Сакал чыккандан баштап.

— Карыганда деле намаз окуганга жетишсе болот деп айтышат?
— Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм периштеси кечке чейин келип калса керек.

— Классташ кыздарга даават кылсам болобу? (Суроону узаткан эркек бала)
— Чогултуп алып жалпы айтсаң бир жөн, анан кечеге барып, музыканын коштоосунда, караңгы бурчка барып шыбырап айтсаң болбойт…

— «Адалсынган молдодон алты камандын башы чыгат» деген сөз бар эмеспи?
— Молдоке айылдын баарын тазалаган тура.

— Шыпыргыны тикесинен коюп койсо эмне болот?
— Алганга ыңгайлуу болот.

— Кашкулактын төрт шыйрагын кесип салса адал болот деген туурабы?
— Кудай арам кылган нерсе шыйрагын кесип койсо эле адал болуп калбайт.

— Кыргыздын кыздары жүздөрүн чүмкөгөн эмес.
— Анткени бүгүнкүдөй эркектери болгон эмес.

— Көзү ачыктарга ишенбейм, бирок алар дубалап берген чайын ичип, тузун колдонсо болобу?
— Болбойт, садагаң кетейин! Ишенбесең, эмнеге ичесиң?

— Азыр жаштар ата-бабасы койбогон сакалды коюп калды…

— Тетирисинче, азыр ата-бабалар койгон сакал коюла баштады. А силер аны алып салгансыңар. Курманжан даткадан башка кыргыздын бүт жакшыларынын сакалы болгон.

@takyba_ayal_kg

Яндекс.Метрика