Жаңылыктар

Уу коргошун ичип ууланган алгачкы бейтап катталды

Борбор калаадагы №10 кичи районунун тургуну бүгүн айтылган Ысык-Көл тамырынын эритмесин ичкенден кийин өзүн жаман сезген. Бул тууралуу профессор, медицина илимдеринин доктору, КРСУнун Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Аида Зурдинова Facebook баракчасына жарыялады.

«Мага мессенджерден кат келди. Бейтап тез жардам кызматында иштеген дарыгерге кайрылган. Ал барганда батирден жарнамаланган эритмеси бар бир бөтөлкө уу коргошунду көргөн. Бейтапта жүрөк ритминин бузулушу, дем алуу жетишсиздигинин белгилери бар болгон. Бейтап дарыдан жарым стакан ичкенин айткан. Бейтапты токсикологияга алып бардык, аны сордуруп алышат деп үмүттөнөбүз», — деп айтылат билдирүүдө.

Аида Зурдинова белгилегендей, бул бөтөлкөнү 42 жаштагы бейтапка ким жазып бергенин жана сатканын аныкташ керек.

Ыкчам медициналык борбору Ысык-Көлдүн тамыры менен ууланууга байланыштуу чакыруулар болбогонун билдирди. Маалымат 4-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүндө тастыкталган жок.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров COVID-19 оорусун уу коргошундан жасалган дары менен дарылоону сунуш кылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын экинчи толкунунда буга чейин Ысык-Көл тамыры менен (уу коргошун) дарылашканын айткан. Бирок алар бул тууралуу айтышкан эмес. Ооруканалардын өкүлдөрү бул тууралуу комментарий беришпей жатат.

Яндекс.Метрика