Жаңылыктар

«Уялчаак» депутаттын урматына көчөгө ат берилди

Камчыбек Жолдошбаевдин урматына көчөгө ат берилди. Ал Нарын облусунун Ат-Башын районундагы Кызыл-Туу айылында жайгашкан — бул депутат Камчыбек Жолдошбаевдин кичи мекени. Интернет колдонуучулары төмөндөгү сүрөт менен активдүү бөлушүп жатышат.

Камчыбек Жолдошбаев депутаттар менен алардын жардамчыларынын коомдук транспорттон түшкөнүн көрүп, уялганынан шапкесин ылдый баса кийип алып өтүп кетээрин айткандан кийин атагы чыгып, ага уялчаак деген лакап ат коюлган.

Яндекс.Метрика