Жаңылыктар

Узур Жузупбеков Дүйнөлүк Олимпиадага жолдомо алды

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдун уулу греко-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Узур Жузупбеков 9-апрелде Алматыда өткөн Эл аралык турнирде атаандаштарын аласалдырып, Индиялык балбан Равини 9:0 эсебинде, ал эми кореялык балбанды 6:0 эсебинде таза утуп Токиодо өтө турган Дүйнөлүк Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды.

Узур Жузупбеков Кыргызстан боюнча лицензия алгандардын тогузунчусу. Дүйнөлүк Олимпидага лицензия алгандарды санап өтсөк Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Дарья Маслова, Юлия Андрееева, Мария Коробицкая жана Денис Петрашов мындай лицензияга ээ болушкан.


Мына ушундай чемпион уулду тарбиялап өстүргөн Айдар Жузупбеков Талас шаардык кеңешине ат салышкан 11 партиянын ичинде ЫНТЫМАК саясый партиясын баштап шайлоого бара жатат.
Кыргыздын туусун желбиретип, эл керегине жараган мыкты уулду тарбиялаган Айдар Жузупбековго ийгилик каалайбыз!!!

Яндекс.Метрика