Жаңылыктар

Вакцина алган 44 жоокерден терс таасирлер байкалды

Жалал-Абадда аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктүн жоокерлери Astra Zeneca вакцинасы менен эмдөөдөн өтүшкөн. Жерине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана жооптуу адистер жөнөп кетишти.

«Бул аскер бөлүктө жалпы 90 адам Astra Zeneca вакцинасын алышкан. 5-августта 4 аскерде эмдөөнүн терс таасирлери байкалды. Тагыраагы, дененин табы 39 градустан жогору болуп, баштын катуу оорушу байкалган. Ал эми дагы 40 жоокерде субфебрилдик температура (дененин табы 37-38 градус болуп, узакка кармалат) болгон.

Буга байланыштуу вакцина алган 44 аскер кызматкерине кошумча байкоо жасоо үчүн медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды. Учурда жоокерлердин абалдары туруктуу, тиешелүү кароолор жасалууда. Азырынча жоокерлерде байкалган терс таасирлердин бардыгы вакцинага же башка факторлордон улам келип чыкканын билбейбиз.

Биз адамдардын тынчсыздануусун түшүнөбүз жана кароо аяктагандан кийин бул боюнча маалымат беребиз. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакциналардын коопсуздугуна мониторингди күчөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Бул окуяга байланыштуу Astra Zeneca вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулду», — дешти мекемеден.

Яндекс.Метрика