Видео Жаңылыктар

Вакцина алган аялга магнит жармаша турган болуп калды. Доктурлар эмне дейт?

Чүй облусунун Токмок шаарынын маданий кызматкери Исакова Муркан Шүкүрбековна коронавирустан эмдөө алган.

Анын айтымында, вакцинанын экинчи дозасын алгандан кийин, бир таң калыштуу нерсени байкаган, вакцина сайылган жерине магнит жабышып калат.

«Бул аял Чүй районунун айылдарынын биринде жашайт. Бизге эмдөө жүргүзүлдү, ал тизмеде бар. Жалпысынан, кээде магнит адамдарга эмдөөсүз деле жабышып калат.

Бул көз кыска убакытка болчу көрүнүш. Эртеден кечке чейин көптөгөн адамдар синтетика кийишет. Адамдар эшиктерин ачып же саламдашканда, ушундай жеңил электр тогу бар. Бул нерсени бардыгы башынан өткөрүшсө керек.⠀Биз көпчүлүккө вакцина сайганбыз жана аларда мындай болгон эмес», — деди А. Сыдыкова.⠀

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова жергиликтүү тургундун сөзүнө төмөнкүчө токтолду:⠀

“Бул мезгилде айрым адамдарда биоток активдешип кетиши мүмкүн. Бирок магнит эмдөөдөн улам жабышат деген маалымат туура эмес.»⠀⠀

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда коронавирустук вакцинанын биринчи дозасын 13 миң 360 адам, ал эми экинчисин 3872 адам алышты.

Яндекс.Метрика