Билип ал Кызыктуу

Варламов: «Кыргыздар Россияга кетип, өлкөнү Кытай акырындап сатып алууда»

Белгилүү Россиялык блогер Илья Варламов Кыргызстанга болгон сапарын жыйынтыктады. Бул жолку сапар ага кайгылуу сезимдерди калтырганын айтты. Алгач ал Ош шаарына барып, ал жактан Бишкек шаарына унаа менен келген. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Кыргыз өлкөсү боюнча төмөндөгүдөй пикирин калтырды:

«Бизде адамдар жакшы, бирок бийликтегилер бокочо». Менин досум Кыргызстандагы кырдаалды ушундайча сүрөттөдү. Муну өлкөнүн расмий урааны кылып койсо болот деп ойлойм.

Эгемендүүлүктүн 30 жылында өлкөдө 3 революция болду, бирок бул анчалык деле жардам берген жок. Коррупция, тууганчылык жана мыйзамсыздык эч жерде жок болгон жок. Өлкө жакыр, калктын дээрлик үчтөн бири жакырчылыктын чегинде жашашат.

Калктын жашоо деңгээли боюнча Кыргызстан мурдагы советтик республикалардын ичинен Тажикстан менен катар акыркы орунда турат. Пенсия 100 доллар, эмгек акы 200 доллар. Анан ушул акчага кантип жашоого болот? Адамдар Россияга иштегени кетип, ошол жакта калып калышат, кыргызга орус жарандыгын алуу кыйын эмес.

Эгер Россия адамдарды алып кетсе, анда Кытай акырындап өлкөнү сатып алууда. Ал кандайча сатып алат. Насыя берет, карызга ишканалар курулат, жардам берет. Бирок эртедир-кечтир карызды төлөө керек болот.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, кытайлар карыздарын жакшы кайтарып алышат — объект куруп жаткан жерлерди, ишканаларды акырындап алат.

Мен Кыргызстанды, адамдарды, жаратылышты, ашкананы сүйөм. Бирок бул сапар капалуу таасир калтырды. Мен чындыгында кыргыздар ушул туңгуюк абалдан чыгып, алдыга кетишин каалайм. Алар буга татыктуу.

Яндекс.Метрика