Окуялар

Ватсаптан башталган сүйүү армандуу аяктады

Жашым 26да. Жогорку окуу жайын аяктагам, бирок, тилекке каршы адистигим менен иштөө көп кыйынчылыкка турду. Баягы эле тааныш болбосо талаада каласың дегендей таанышым жок, ишке орношо албай көпкө убара болуп жүрүп, акыры үмүтүмдү үзүп, ата-энемди укпастан акча таап, Москвага иш издеп кетип калгам. Бош убакыт болсо эле ватсапта отурмай да.

Кыздар менен таанышып калаар элем ватсапка кирсем эле. Алгач маани берчү эмесмин, бирок, кийинчерээк бир кызга көңүлүм түшө баштады. Башында башка тааныштардай көрүп жүргөм. Анан негедир сүйлөгөн сөздөрү, мамилеси өзүнө тарта баштады.  Ватсапка кирип эле качан кирет деп аны күтө берем. Ал да ансайын качан келесиз деп сылык сурай бере турган. 

Бир күнү кечинде кирсем эле статусунда ыйлаганды коюп коюптур. Шашып жаза калдым сага эмне болду деп. “Акча жоготуп алдым” деген жооп келди.  Ак көңүл жаным канча эгер керек болсо салып жиберейин деп калдым. Ошол убакта айлык алмакмын.  6000 миң деп кайра эле жазды. Ошентип эки күндөн кийин акча салдым. Ал тосуп алдым деп рахмат айтты. Дагы убакыт өттү.

Мен Кыргызстанга учуп келдим. Үйүмө эмес, Азизаны көргөнгө шашып жаттым. Жолугалык деп телефон чалсам албайт. Ошол убакта ата-энем да кыйнай баштады үйлөн деп. Жашым келип калгандыктан, ата-энеме каршы чыккан жокмун. Башында номери өчүп калган го деп ойлоп жүргөм, бирок мени күтүп жүргөн Азиза эми чындап жоголуп кетти. Же дарегин толук сурабаптырмын. Таңкалдым, капалуу күндөр өтө берди. Мен аны чындап сүйүп калсам керек. Сураштырып да таппай койдум. Ватсапка такыр кирбейт. Акыркы сүйлөшкөнүм мен Бишкекке келген күнү болду. Андан бери үнүн да укканым жок.

    Мына кызык тагдыр деген өзү тамаша турбайбы. Жаңы жыл күнү болчу. Достор менен жолугуп,аянтта жүргөнбүз. Досторум майрамда баарыбыз чогулуп жатабыз, сүйлөшкөн кыздарыбызды бири-бирибиз менен тааныштырып коёлук деп чурулдап калышты. Менин сүйлөшкөн деле кызым жок деген үч-төрт балабыз чыкты. Алардын катарында мен да бармын. Эч нерсе болбойт анда биздики менен таанышасыңар деп күлүп жатышты. Ошентип кечки убак баарыбыз кафеден  жолуктук.

Мына ар кимиси өздөрүнүн кыздары менен тааныштырып жатышты. Бир убакта Азат досумдун жанында турган сулуу бийкеч көзүмө жылуу учурай түштү. Мен аны жазбай тааныдым. Ал баягы мени күткөн, мен сүйүп калган Азиза болчу. Ал да мени тааныды. Бирок үн-сөзсүз экөөбүз тең сүйлөй алган жокпуз. Адыл деген досубуз  Азизага күтүүсүз жерден суроо берип калды. Азиза Азат менен канча убакыттан бери сүйлөшүп жатасыңар деп. Ошондо ал  уялганынан араң гана “Эки жыл” деди да, чуркаган бойдон эшикке чыгып кетти.  Жакшынакай жигити туруп башка бирөөнү күткөн адамды көргөн эмесмин. Балдарга айтаарым качан гана чыныгы сүйүүңөрдү тапмайынча башка бирөөгө азгырылбагыла.

                                                                                                           Бектур

Яндекс.Метрика