Кызыктуу Окуялар

Видео. 10 жыл бутунун тырмагын албаган кемпир салонго келгенде баары шок болушту

Сулуулук салонунда педикюр жасап (буттун тырмактарын жөнгө салуу) иштеген аял таң калыштуу көрүнүшкө туш болгон. Бир күнү карыган кемпирди баласы салонго бутунун тырмактарын алдыруу үчүн алып келген.

Кемпирдин бутун көргөн айым башында таң калып анан ишин баштаган. Анын айтымында кемпир жалгыз жашагандыктан өзүнө карабай калган. Алыста жашаган баласы апасын көргөнү келгенде кокусунан анын бутундагы оркойгон тырмактарын көрүп калган. Ал узарып, ийрилип кеткен тырмактарды өзү алуудан коркуп анан салонго алып барууну чечкен.

«Жыйынтыгы жаман эмес, педикюр жасаган аял чындыгында өз ишин мыкты билет экен. Бир сааттын ичинде сонун кылып койду», — деп билдирди кемпирдин баласы.

Видео:

Окуя Россиянын ыраакы чыгышында жайгашкан шаарларынын биринде болгон. Кемпир тырмагын акыркы жолу качан алганын эстей алган эмес. Педикюр жасаган мастердин айтымында тырмак мындай абалга келиш үчүн бир топ жылдар кетет. Анткени буттун тырмагы колдукуна караганда 4 эсе жай өсөт.

Яндекс.Метрика