Видео

Видео. 100дөн ашык май ташыган унаалар байкалды. Тажикстанга май ташып жатабы?

«Кара-Балтадан Жалал-Абадка чейинки жолдо 100дөн ашуун май ташуучу унаалардын өтүп жатканына күбө болдук, санадык жүздөн ашык экен, бул кимдин кызыкчылыгында?» — деп жазган мэрдин мурдагы кеңешчиси Асхат Осмонов.

«Кадамжайга көзөмөл постторун коюп, контрабанда ташыгандарды катуу көзөмөлгө алыш керек! Мамлекет жетишпей жатса, элдик кошуун түзүлсүн! Контрабанда ташыгандар бензини, дизели, «дальнобойщиктери» менен мамлекеттин эсебине алынып, Баткендеги талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө жумшалсын!

Ушундай оор, кыйын күндөрдү билип, көрүп туруп Кыргызстандан Тажикстанга жана Тажикстандан Кыргызстанга контрабанда ташыгандар «улуттук кызыкчылыкка кыянаттык» менен айыпталып, катуу жазага тартылсын!

Бизден өткөн бензин, дизель жана башка нерселерди кайра биздин өзүбүзгө карата колдонушуна жол берүүгө болбойт!»

Видео:

Яндекс.Метрика