Видео Кызыктуу

Видео. Ачык кийинип таксиге отурган кыз айдоочудан уруш укту

Арина аттуу блогер өзүнүн инстаграм баракчасына таксинин айдоочусуна нааразы болуп, андан сырткы келбети үчүн уруш укканын айтып чыкты.

Айдоочуга кыздын кийингени жаккан эмес.

«Мен таксиге отурдум, бир нерсе туура эмес болуп калганын түшүнүп, тасмага тартып баштадым, баарын чыгарган жокмун, бирок үзүндүлөрдөн такси айдоочусу менин кийимим үчүн мени жемелегенин түшүнсө болот. Сүйлөшүп жатып ал намаз окуп жатам деп көп жолу айтты.

«Ачык кийинген кыздар тозокко бара тургандыгын айтты, мындай учурда зордук-зомбулук кадыресе көрүнүш, анткени алар өзүлөрү зомбулукка эркектерди түртүшөт. Булардын бардыгы өзүн кармай албаган кыздар деп» айтты.

Ысыкта ачык кийинип жүрүшөт да, азыр деген Кыргызстанда кандай ысып жатканы баарыбызга маалым. ⠀

Чынын айтсам, мен аябай таң калдым жана унчукпай отуруш керек экендигин түшүндүм, анткени бул адам ачык кийинген кыздарды зордуктоо кадыресе көрүнүш деп эсептейт экен. Намаз окуганы ушулбу?⠀

Мен чындыгында бардык диндерди сыйлайм, бирок мен муну түшүнбөйм, баратып чындап корктум, ал адамдын ойлору мени таң калтырды.

Чынын айтсам, мен таң калып жатам, бул мен видеого тарткан бир гана бөлүгү, жол 20 мүнөткө созулду. Менде башка сөз жок, мен бул окуяны жайылтышыңарды каалайм»-деп сөзүн жыйынтыктады блоггер.⠀

Кыз колдонгон такси кызматы кечирим сурап, айдоочу жумуштан убактылуу четтетилгенин айткан.

Видео:

Дагы окуңуз:

Яндекс.Метрика