Видео Спорт

Видео. Айпери Медет кызы алтын медаль утту!

Бүгүн, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.

Анда Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта Назира Марсбек кызы килемге чыкты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда нигериялык балбан менен кез келип, тилекке каршы жеңилип калды.

Ошондой эле 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда финалда колумбиялык Татияна Рентерия аттуу балбан менен кез келди. Биринчи раундда Айпериге активдүү болбогону үчүн калыс эскертүү берип, 30 секунддан кийин атаандашы 1 упай алууга жетишти.

Экинчи бөлүктө Татияна Рентерия активдүү болбогону үчүн Айпериге бир упай берилди. Андан кийин биздин балбан кызыбыз ыкма жасап 2 упай алууга жетишти. Ошону менен экинчи үч мүнөт аяктап 3:1 эсебинде Айпери Медет кызы алтын медалды утуп алды. Муну менен Айпери дүйнө жүзү боюнча 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону болду.

Видео:

Яндекс.Метрика