Видео. Айсулуу Тыныбекова 10:0 эсебинде утуп, финалга чыкты
Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө 22 жаштагы Украиналык Ирина Коляденкого каршы күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Ал биринчи жолу олимпиададан финалга чыкты.
Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип , чейрек финалга чыккан.
Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.
Ирина Коляденко 1998-жылы төрөлгөн.
Учурда 22 жашта. 2017-жылдан бери эл аралык мелдештерде күч сынашып келет. 2019-жылы Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси. 2020-жылы Европа биринчилигинде коло байге тагынган. Ал эми быйыл эле Варшавада өткөн Европа чемпиондугунда 62 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль утуп, карьерасында алгачкы ирет Европа чемпиону болгон.
Видеону төмөндө шилтеме аркылуу кирип көрө аласыздар:
Видео бул шилтемеде https://t.me/sayasatKyr/901