Видео Спорт

Видео. Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште жеңилип калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Стамбулда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде жеңилип калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму билдирди.

Тыныбекова 62 кг салмак категориясында бразилиялык Лайс Нуньес де Оливейра менен күч сынашып, алгачкы беттеште эле 10:0 эсебинде уттуруп жиберди.

Эгер бразилиялык спортчу финалга чыкса, Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.Белгилей кетсек, Yasar Dogu эл аралык турнири Түркиянын Стамбул шаарында 24-февралда башталган. Айсулуу Тыныбековадан сырткары Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы да күч сынашат.

Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөштө Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков өлкө намысын коргойт. Турнир 27-февралда аяктайт.

Видео:

Яндекс.Метрика