Жаңылыктар

Видео. Айыл өкмөтүнө келген аялдар өздөрүнө бензин куюп жиберишти

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында 15 аял өзүн өзү өрттөө акциясын уюштурууга даяр экендигин айтышты.

Алардын айтымында, үч жыл мурун аялдар жеке адамдардан жана коммерциялык банктардан пайыздык үстөк менен насыя алышкан, бирок насыяларын убагында төлөй алышкан эмес. Акциянын бардык катышуучулары жалгыз бой энелер жана үч жылдан бери топтолгон пайыздык карыздарды жоюуну талап кылышууда.

Алар айыл өкмөттүн имаратына газ баллонун алып келип, үстүнө бензин куюп жеришти. Айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынды.

Яндекс.Метрика