Видео. Аксыда өзбек чек арачылары менен кыргыздар уруша кетишти
Кыргыз-өзбек чек арасында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачылары айтышып кетишти.. Интернетте окуянын видеосу пайда болду. Видеонун авторлору Өзбекстандын чек арачылары Аксага жакын жердеги тактала элек аймактарды жаап салышкан деп билдиришти.

Күч структуралары билдиргендей, кадрларда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Беш-Чынар аймагы көрсөтүлгөн. «Коңшу мамлекеттин чек арачылары Беш-Чынар аймагына 2017-жылдагы эки тараптуу келишимге ылайык тосмолорду орнотуп жатышат. Алар өздөрүнүн аймагында жана андан ашпайт», — деп белгилешти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы редакцияга кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу экендигин билдирди. Калк менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Видео: