Видео Жаңылыктар

Видео. Алтайдан Таласка алып келинген маралдар

Буга чейин Таластагы Беш-Таш коругуна Орусиянын Алтай аймагынан алып келинген 35 марал кое берилгени тууралуу айтылган. Алар атайын «35 марал» деген долбоордун негизинде алып келинген. Долбоорду ишке ашырууга «Бакубат Талас» фонду жана «Альянс Алтын» ишканасы колдоо көрсөтүп, 2,5 миллион сом берген.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, Таласта маралдарды багуу илимдер академиясы тарабынан аныкталган корутундунун негизинде ишке ашырылууда. Корукта маралдарды Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери кайтарышууда.

Яндекс.Метрика