Видео

Видео. Асылбек Жээнбеков кызын Акылбек Жапаровдун уулуна берди

Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков кыз узатуу иш-чарасын өткөрүүдө. Ал кызы Бегимайды турмушка узатып жатканын Kaktus.media жазып чыкты.

Маалым болгондой, иш-чара Асылбек Жээнбековдун шаардагы кичи райондордун бириндеги батиринде өтүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, батирдин аянты 200 чарчы метрден ашат. Бул көп сандагы конокторду тосуп алууга мүмкүндүк берет. Түштөн бери батирден ызы-чуу жана музыка угулуп, үйдүн короосунда көптөгөн кымбат баалуу унаалар токтоп турат. Подъездге кире бериште күзөтчүлөр бар.

Белгилей кетсек, күйөө бала Максат – азыркы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун уулу. Бул иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы өзү да бар — муну короодо токтоп турган кызматтык унаасы, ошондой эле Мамлекеттик гвардиянын кызматкерлери да далилдеп турат.

Буга чейин камакта отурган Асылбек Жээнбеков кызын турмушка узатуу үчүн абактан чыгарылганы белгилүү болгон.

Яндекс.Метрика