Видео Саясат

Видео. Аянтта Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге белгисиз бирөөлөр кол салышты. Бул тууралуу саясий уюмдун мүчөсү Искен Афиджанов билдирди.

«Азыр эле Консулдун аймагында беткап кийген бандиттердин Өмүрбек Текебаевге кол салуусу болду», — деп жазды ал социалдык тармактарга.

Күбөлөрдүн айтымында «Парк-отелдин» жанында саясатчыны 70-80дей белгисиз адамдар курчап алган.

Өмүрбек Текебаевдин көз айнеги сынып, телефонун тартып алышканы белгилүү болду. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Видео:

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Спорт ордосуна спорттук дене түзүлүштөгү мырзалар бара жатканы айтылган.

Яндекс.Метрика