Видео Жаңылыктар

Видео. Бүтүрүүчү өзү окуган мектептин мугалимдерин сынга алды

Борбор калаадагы мектепти бүтүп жаткан окуучу өзү окуган мектептин мугалимдерин сынга алды. Видео социалдык тармактарга тараган.

Бүтүрүүчүнүн айтымында, анын мектебинде билим деңгээли төмөн, мугалимдердин жүрүм-туруму жакшы эмес.

«Мугалимдердин баарын чын жүрөгүмдөн сыйлайм. Алар жашоодо жакшы адамдар. Мен аларды жакшы билем. Дос бетине айтат, душман мактайт. Мен бүгүн бетке айтам деп чечтим. Башкача айтсам менин сөздөрүм жетпейт.

Бул мектептин системасы башынан эле жакпайт. Мен башка варианттар болбогондуктан гана окудум. Биздин мектепте англис тилин окуйбуз. Бирок жыйынтык 0 же 1%. Дене тарбия мугалим ичимдик жыттанып жатканынан уялышы керек. Танаписте тамеки тарткан мугалимдер, окуучуларга тамеки тартууга тыюу салууга моралдык укугуңар жок», — деди ал.

Бүтүрүүчү ошондой эле окутуу системасы такыр өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

«Мындан 10 жыл мурун кнопка баскычтуу телефон колдонгонбуз, азыр смартфондор бар, маалыматты оңой таба аласың. 10 жыл мурунку билим менен салыштырып көр. Эч кандай өзгөрүү жок. Урматтуу мугалимдер, менин сөзүмдү туура кабыл алыңыздар»- деп сөзүн аяктады жигит.

Яндекс.Метрика