Видео Саясат

Видео. Бабановду колдоп миңдей адам сот алдына келди

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык сотунда «Кумтөр иши» боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокатынын арызы каралат.

Бабановдун адвокаты саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Буга чейин Бабановдун тарапташтары аны колдоо үчүн сот имаратынын алдына чогула тургандыгын айтышкан. Күбөлөрдүн айтымында азыркы учурда миңдей адам чогулуп турат.

Бабанов 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка баргандан кийин кармалган. Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган мурдагы премьер-министр Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

Видео:

Яндекс.Метрика