Видео. Баткенде 22 кыргызды тажиктер барымтага алганы айтылууда
Толугу менен баткен
- Видео. Баткенде чыр эмнеден башталганы белгилүү болду
- Баткенде жергиликтүү эл Улан Үсөйүнгө кол салууга аракет кылышты
- Баткендин губернатору Рахмонго учурашып жатып колун төшүнө койбой койду
- Google картада кыргыз айылдары Тажикстанга карап калган. Аны кантип өзгөртсө болот?
- "Ишенген малдарым ордунда экен". Чыр башталган Көк-Таш айылынын азыркы абалы
Эртең 22-февралда Баткенде митинг болоору айтылууда. 22 кыргыз жараны Тажикстанга мал базарга барган бойдон кайтпай калганын жергиликтүү тургундар WhatsApp аркылуу таратышып, социалдык тармактарга жазышууда.

Фейсбук колдонуучусу Мурадил Бабаев төмөнкүдөй билдирүү жазган:
«Туугандар, 16.02. 21 жылы Баткен районунун 3 жараны Бурханов Суйундук, Матираимов Саитбек жана Орозов Довлатбек Лейлек районунун мал базарына барып, мал алышып, кайтып келе жаткан жеринен Кыргызстандын территориясынан Тажик тараптан колго түшүрүлүп Тажикистанга алып кирип кетишкен.
Азыркы тагдырлары жөнүндө бир туугандары эч нерсе билишпейт.Аллахым баардык жамандыктардан сактап, бат эле өз мекенибизге, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына эли журтубузга аман -эсен келишсин. Мусулман бир туугандар! Баарыңыздар дуба кылыңыздар, суранабыз.Ата-энеси, бир туугандары мамлекетибизден жана элден жардам сурап жатышат.»

Видео: