Видео Жаңылыктар

Видео. Баткенде чыр эмнеден башталганы белгилүү болду

Тажик тарап белгисиз себептерден улам Ош-Баткен-Исфана жолун бууп салганын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев 27-январдын кечинде Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди.

Төрт көчө

Анын айтымында, эл чогулуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. «Маалыматты тактап баштаганыбызда, тажик тарап биз менен макулдашуусуз, алдын ала эскертүүсүз чек ара тилкесинде курулуш иштерин баштаганы белгилүү болду.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, элдин тынчын албоо, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты. Эскертүүлөргө карабай, эмнегедир ошол жерде жашаган тургундар жолго чыгып, тосушту», — деди ал.

Туллаев ошондой эле президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, райондун акими жана айыл өкмөт башчысы жеринде экенин билдирди. «Сүйлөшүүлөрдөн кийин жолдогу кыймыл калыбына келтирилди. Бирок 7-10 мүнөттөн кийин атышуу башталды. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жеринде болуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чек ара аймагында жашаган эл эвакуацияланган учурда даярдык көрүп жатабыз», — деди ал.

Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. «Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана унаа жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргыз өлкөсү мененТажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында, саат 19:30га карата жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонууда», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Яндекс.Метрика