Видео Жаңылыктар

Видео. Баткенге бараткан күйүүчү май ташыган унааларды жаштар токтотуп текшерип жатышат

Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыла баштаганы боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, видеого түшүп калган бензовоздор өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардагы калган бензинди ташып кетүү үчүн барган.»Учурда Лейлек районунун үч жеринде (Исфана, Кайрагач, Сай) контрабандалык товарларды өткөрбөө боюнча мобилдик посттор орнотулган.

Лейлек районуна жеткирилген күйүүчү май Тажикстанга ташылып кетпеши үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Ар бир бензовоз бара турган жерине жеткиче көзөмөлдө болот жана Салык кызматынын өкүлү бензиндин куюлушун карап турат», — дешти УКМКдан.

Видео:

Буга чейин социалдык тармактарда Кара-Балта-Баткен жолунда 100дөн ашык май ташыган унааларды жергиликтүү тургундар байкап калып, Тажикстанга контрабанда башталганын айтып чыгышкан.

Биздин Инстаграм баракчабызга катталып акыркы окуяларды алгачкылардан болуп билип туруңуз.

Яндекс.Метрика