Видео Кызыктуу

Видео. Бүгүн чоң той болот. Садыр Жапаров келин алды

Бүгүн, 28-мартта Садыр Жапаровдун баласы Ренаттын үйлөнүү үлпөт тою өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, чоң той болбойт, жаштарга арналган чакан той өтөт.

«Ренат 1997-жылы туулган. Ал баш кошуп жаткан кыздын аты Аяна 21 жашта. Аяна учурда Улуттук университеттин Кытай тили факультетинде 3-курста окуйт. Ренат менен Аяна көп жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшөт», — деп билдиришти өздүк булактар. Садыр Жапаровдун кудалыкка барган видеосу тарады. «Кудаңар президент. Балабызды өстүргөн, ушулардын үйүндө өскөн. Бала ушуларга таандык», — деп видеодо Садыр Жапаровду тааныштырып жаткан адам билдирди.

Видео:

Яндекс.Метрика