Видео Жаңылыктар

Видео. Бишкекте 50 жаштагы эркек жашы жете элек кыздарга тийишип, ыплас сөздөрдү айткан

Активист София-Айдана Сатбалдиева өзүнүн Твиттердеги баракчасында Бишкекте анын үйүнүн жанында 50 жаштагы киши кызга, андан кийин жашы жете элек кыздарга тийишип жатканын айтты.⠀

«Мен дүкөндөн чыгып бара жатып, болжол менен 50 чамасындагы эркек кишинин жашы жете элек кызга тийишип жаткандыгын көрдүм.

Мен чуркап барып, ошол эле учурда милиция чакырам деп кыйкырып, кыздын колунан кармап алып үйдүн кире беришине жашынып калдык.

10 мүнөттөн кийин эшикке чыкканда, ал 12-13 жаштагы эки кызга тийишип, ыплас сөздөрдү сүйлөп жатканына күбө болдук. Алар ит менен болчу, ити үрө баштады.

Кыздар биз тарапка чуркап келишти. Аларды үйүнө алып бардым. Телефонум жанымда эмес болчу, бирок башка кыз аны алыстан болсо дагы сүрөткө тартып алыптыр», — деп жазган София-Айдана.

Видео:

Кактус.медиа

Яндекс.Метрика