Видео Жаңылыктар

Видео. Бишкекте дүкөнгө кирип автоматтан ок чыгарган пранкер кармалды

Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери дүкөндөн ок чыгаран пранкерди кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Социалдык тармактарга байкоо жүргүзүп жатып, кара беткап кийген белгисиз жигит дүкөндөрдүн биринде Калашников автоматынан жана тапанчадан ок чыгарган видео табылды», — деп айтылат маалыматта.

Сухэ Батор көчөсүндө Бишкек ШИИБ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери видеодо пайда болгон 01KG TILEK мамлекеттик номурлуу Infinity автоунаасын байкап калышкан.

«Унааны текшерүү учурунда багаждан төмөнкүлөр табылды: 28 жаштагы аялга таандык МП-80-13 т 45 Rub Макаров маркасындагы 10 мм калибрдеги газ-травматикалык тапанча жана 37 патрон. С.А. аттуу жаранга Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын лицензиялык тутуму тарабынан 3 жылга курал-жарак уруксаты берилген», — деп билдиришти ИИМден.

Мындан тышкары, шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Уктоочу бөлмөдөн алар ВПО 825 номурлуу Калашников автоматы жана 120 даана көлөмүндөгү газ сигналдык патрондор табылган.

Кармалган адам милицияга Калашников автоматын Россиядан сатып алгандыгын, ал блогер болгонун, пранк тартып социалдык тармактарга жарыялаганын айткан. Тергөө уланууда, кармалган адам келүү милдеттенмеси менен бошотулду.

Яндекс.Метрика