Видео. Бишкекте кардарды суусу жок мончого киргизип коюп акча талап кылган
Бишкектеги мончолордун биринде чыр чыккан видео тарады. Мончодо муздак суу жок болгон. Бул тууралуу «Беспредел» баракчасы видео жарыялады.

«Жакшынакай эле «С легким паром» банясына эс алууга баргам. Кирүү акысы 690 сом экен, төлөдүк, кирдик, бирок бизге муздак суу азырынча жок экенин эскертишкен эмес, кайнаган эле ысык суу бар экен, ал дагы эптеп тамчылап агып жатыптыр. Сурасак, бизге күтүп турууну, 15-20 минутадан кийин суу болоорун айтышты, макул дедик. Тилекке каршы бир сааттан кийин да суу болгон жок.
Банянын ичиндеги кызматтарды дагы 40 мүнөт, бир жарым сааттан күткөнгө туура келип жатты. Баса, кассадан берген чип дагы шкафка туура келбейт экен, консьержка келип ачып жатты, ошондо биздин буюмдарга ким жооп берет? Баалуу буюмдарыбыз, алтындарыбыз жоголсо эмне болот?
Мен эле эмес, менден башка дагы 15 чакты эжелер банянын жагымсыз жытына, кызмат көрсөтүүлөргө нааразы болуп жатышты. Акыры администраторун чакырып, биз кызмат көрсөтүүлөрдү төлөйлү, бирок кирген акыбыздын 50% гана төлөйбүз деп айттык, макул болгон жок, макул деп (Управляющий) менеджерин чакырттык, бирок биздин сөздөр ага чымын чаккандай да таасир берген жок, тескерисинче саат кечки сегизде келем күндүзгү окуяларга жооп бербейм деп актанып кирди.
Администратор жана менеджер реакция кылбагандан кийин, банянын ээсине байланышалы дедик. Анда алар саат тогузда кайдан чакырмак элек, бүгүн иш күнү эмес деп чыгышты. Макул, ушундай кырдаал болуп калды, кечирим сурайбыз деп кардарларга түшүндүргөндүн ордуна, ГБРдин балдарын чакырышып, эки саат чыгарбай камап олтурушту, айла жок 102 ге чалып, милиция чакырууга туура келди, акыр аягы ызы-чуу болуп жатып, 50 %ын төлөп чыктык.
Баняга чоогу киргендер бүгүн эле эмес, башка күндөрү да толтура проблемалар болуп жатып, суу чыкпай эптеп түшүп чыгабыз деп жатышты. Кыскасын айтканда, достор бул баняга барбай эле койгула! Эс албай эле, нерв клеткаларыңарды бекер коротуп келесиңер.»