Видео Жаңылыктар

Видео. Бишкекте унаа айдап бара жаткан аялды эркек киши сабап салды

Бишкекте эркек киши машина айдап бараткан аялга кол салды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Күбөнүн айтымында, окуя 28-сентябрда Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Унаанын ичинде бир жашар бала жана кош бойлуу кыз да болгон.

«Vefa соода борборуна жете электе бир машина мени үзүп салды. Терезени ачып: «Эмне кылып жатасың, менин машинемде бир жашар балам бар» деп кыйкырдым. Анан ал мени кууп жетип, чукул кырдаал түзүп, дароо токтоду.

Мен коркподум, анткени мен жалгыз эмес болчумун, мен кыйкырдым: «Сен жиндисиңби?» Светофордо бул киши машинага чуркап келип, мени ура баштады. Эжем болгонун телефонго тартып алган. Анан мен «милиция чакыр» деп кыйкырганымда, ал качып кетти», — деп жазган жабырлануучу социалдык тармактарга.

Ал милицияга кайрылып, арыз жазган.

Видео:

Яндекс.Метрика