Видео Саясат

Видео. «Биздин да мээбиз бар.» Депутаттар Мадумаровдун сөзүнө нааразы болушту

Министрлер кабинети тарабынан сунушталып жаткан улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдардын пакети жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу такталып бүтүшү керек. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, 2018-жылы үч мыйзам долбоору иштелип чыккан.

«Концептуалдык өзгөртүүлөр керек, ошондуктан бул долбоорлорду кайра жазып, аягына чыгаруу керек», — дейт эл өкүлү.

Бирок кесиптештери аны колдошкон жок. Депутат Жеңишбек Токторбаев Адахан Мадумаровдон акылдуу болбоону, элдин публикага ойнобоону суранды.

«Элдин алдында ойногонду токтоткула. Бул жерде калган 88 депутатты да эл шайлаган. Бул жерде Мадумаровдон башкалар сабатсызбы? Кудайга шүгүр биздин да акылыбыз жетет. Акылдуулугуңду үйүңө калтыр», — деди Жеңишбек Токторбаев.

Видео:

Мыйзам долбоорлорун талкуулоо улантылды.

Яндекс.Метрика