Видео Кызыктуу

Видео. Блогерди сөккөн лөлү кызды укмуш кылып өзгөртүп коюшту

Жакында эле интернетте блогер менен лөлү кыздын видеосу тарап, ал социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Анда блогер лөлү кызга барып акча сураган. Мындайды күтпөгөн кыз эмне дешти билбей телефонун алып чыгып видеого тартып баштаган.

Блогер ага карабастан «акча берчи» деп сурай берген. Акырында лөлү блогерди сөгүп салган. Ал кыздын башка видеосу кайрадан социалдык тармактарга жайылды.

Бул жолу аны башка мэйкап блогер издеп таап, салонго алып барып келбетин укмуштуудай кылып өзгөртүп, дүкөнгө алып барып кийинткен. Жыйынтыгында ал суйкайган сулуу кыз болуп чыга келди.

«Бүгүн бул кызды укмуштуудай кылып өзгөртүп коюшту. Бул кыз жакында эле дагы бир видеого чыгып, бир жигитти сөгүп койгон. Бул өзгөрүүдөн жыйынтык болуп мындан ары ал жашоо образын өзгөртөт деп үмүттөнөм… Мен муну каалайт элем …» — деп жазган интернет колдонуучусу.

Бирок элдин пикири ар түрдүү болуп.» «Бул алардын салты, ал кыз кайра эле баягы жашоосуна аралашып кетет» деген өңдүү пикирлер көп айтылууда. Видеону төмөндө көрө аласыздар.

Яндекс.Метрика