Видео Жаңылыктар

Видео. Чүйдө Алабай өз ээсин талап салды. Чогулган эл итти чапкылап өлтүрүшкөн

Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айылында Алабай кожоюнуна кол салды. Адамды айыл тургундары жана айыл өкмөт башчысы сактап калган.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, 13-июлда Алабай ити ээсине кол салган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишкен, бирок алар эч нерсе кыла алышкан эмес. Ит ээсинин көкүрөгүнөн, бутунан жана колунан тиштеген.

Айыл тургундары адамды итке таш ыргытып жатып куткарып алууга аракет кылышкан, бирок майнап чыккан жок, ит ого бетер ачууланган. Көп өтпөй Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухамедов келген.

Ал өзүнүн Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаасы менен итти сүзүп кеткен, андан кийин Алабай үй ээсин коё берген. Андан кийин чогулган эл итти күрөк менен чапкылап өлтүрүп салышкан.

Аталган маалыматты айыл өкмөт башчысы тастыктап, иттин ээсин тез жардам кызматы алып кеткенин айтты.

Видеону окуянын күбөлөрү тартып алышкан. Көңүл буруңуз !!! Өзгөчө таасирдүү адамдарга көрүүдөн алыс болуу сунушталат.

Видео:

Яндекс.Метрика