Дүйнөдө Жаңылыктар

Видео. Чабан миңден ашык койлору менен кошо өрттөнүп кетти

Каргашалуу окуя бүгүн 31-январь күнү таңга жуук болгон. Казакстандын Түркстан облусунда дыйкан чарбанын аймагындагы өрттөн 1000ден ашык кой күйүп кетти.

Окуя 31-январь күнү саат 07:15те 101 номуруна Байдибек районунун Алгабас айылынан 5 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан дыйкан чарбасынын аймагындагы мал кармалуучу эки кабаттуу имарат күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Имараттын биринчи кабатында майда мал, экинчи кабатында чөп сакталган. Өрт өчүрүүчүлөр барганда ал жерден адамдын күйүп кеткен денесин табышкан. Күйүп кеткен койлорду санагандан алардын саны миңден ашкан.

Видео:

Яндекс.Метрика