Видео

Видео. Чоң-Алайда тажик жарандары кармалды

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылынын тургуну видео тартып, анда ал айылда тажик жарандары документи жок 6 күндөн бери жүргөндүгүн айтты.

«Биздин айылда Дүйшөмбү шаарынан келген Тажик жарандары алты күндөн бери жүрүшүптүр. Жанында эч кандай документтери жок. Биздин укук коргоо органдары, чек ара кызматы кайсы жакты карап жатышат? Ушуларды карабайбы деген суроо жаралууда», — деди тургун.

Белгилүү болгондой айыл эли тажиктерди Чек ара кызматына өткөрүп беришти.

Видео:

Чек ара кызматы кандай чара көрүлгөнү тууралуу жакын арада маалымат берет.

Яндекс.Метрика