Видео

Видео. Чычканда Лексус-470 сууга түшүп кетти

Бишкек-Ош жолунда Лексус-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жол кырсыгы унаа жолдун 275-чакырымында Чычкан капчыгайында болгон. Кырсыктан эки адам жабыркаган. Алар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Унаанын ичинде жалпысынан беш адам болгон. Окуя болгон жерге ИИМден беш куткаруучу, бир жүктөгүч жана бир экипаж тартылган. Алар жол тандабасты суудан чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.

Яндекс.Метрика