Видео Жаңылыктар

Видео. Дүкөндү текшерүүгө келген Тукуновдун күбөлүгүн алып, сыртка чыгарып салышты

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновду текшерүү учурунда дүкөндөн чыгарып, күбөлүгүн алып коюшкан. Бул тууралуу анын Фейсбукта түз эфиринде белгилүү болду.

31-июль күнү саат 22:00дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылындагы Берёзка дүкөнүнө жаңы дайындалган кызматкер мекеменин жетекчилиги менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган.

Монополияга каршы кызматтын жетекчисинин орун басары бул жерде азык-түлүктүн баасы бир топ кымбат экенин белгиледи. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ага Витя аттуу адам келип, расмий адамдан видеого тартууну токтотуп, имараттан чыгып кетүүсүн орой талап кылган.

Акжолтой Тукуновго иш убактысында саат 9.00дөн 18.00гө чейин атайын документ менен келүүсүн жана рейд жүргүзүүгө уруксат керек экенин айтып имараттын сыртына чыгарып салышкан. Дүкөндүн кызматкерлери Акжолтой Тукуновдун жардамчысынын документтерин да алып кетишкен.

Яндекс.Метрика