Видео Жаңылыктар

Видео. Эки өлкөнүн УКМК башчылары бетме-бет жолугушту

29-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу болуп өтүү. Делегациялар Баткен районундагы «Кызыл-Бел автодорожный» өткөрмө бекетинде жолугушту.

Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимов, курамында чек ара кызматынын жетекчилери, Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода, Абдикарим Алимбаев жетектөөдө.

К. Ташиев кесиптеши С. Ятимовго жекеме-жеке жумушчу жолугушуу өткөрүп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяны талкуулоону сунуштады. Ошол эле учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюу болбой турганын белгиледи.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы да макул болду.

Яндекс.Метрика