Кызыктуу Окуялар

Видео. Эки чириген алма үчүн жаш жигит сатуучу аялды сабап койо жаздады

Базар жээкте алма сатып отургандардын арасында сатуучу менен кардар ортосунда жагымсыз окуя орун алды. Анда сатуучу аял менен жаш жигиттин ортосунда уруш чыккан. Окуянын видеосун «black_list» баракчасы жүктөгөн.

«Базарда болгон окуя. Алманын арасына бир кичине чирик алма салынып кетиптир. Аял кишини кемсинтип бакырып кирди».- деп жазган видеонун автору.

Видеодон күчкө толгон жаш жигит сатуучу аялга бакырып, орой мамиле кылып, уруп жиберерине аз калганын көрүүгө болот. Келишпестик болжол менен сатып алган алмалардын арасына эки чириген алма кошулуп кеткендиктен чыккан.

Болгон үнү менен кыйкырып, сатуучу аялды кемсинтип жаткан жигитти эч ким токтотууга аракет кылган эмес. Акырында гана бир киши басып келип ачууланган адамга бир нерсе деп айтканын көрүүгө болот. Окуянын видеосун төмөндө көрө аласыздар.

Видео:

Окуя кайсы жакта болгону азырынча белгисиз.

Яндекс.Метрика