Спорт

Видео. Эки күндөн кийин беттеш! Шевченко көз караш дуэлин өткөрдү

Бүгүн, 23-апрелге караган түнү АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнирине катыша турган мушкерлердин көз караш дуэли болуп өттү.

Бул турнирде Валентина Шевченконун атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андраде болмокчу. Турнир АКШнын Флорида штатынын Жексонвилл шаарындагы «VyStar Veterans Memorial Arena» спорттук аренасында өтөт жана бул беттеште Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт..

Яндекс.Метрика