Видео

Видео. Эртең менен мас айдоочу сүзүп кеткен кыз каза болуп калды

Субару унаасы менен мас айдоочу сүзүп кеткен кыз каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкекте бүгүн, 7-апрель күнү эртең менен Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын мас абалындагы айдоочусу бир нече жол кырсыгына кабылганы маалымдалган. Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа Опел-Астра үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүнү чечип, бирок Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кызды жөө адамдар өтүүчү жерден сүзүп алган. Өтө оор агоналдык абалда ал Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жаткырылган, бирок кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес – ал каза болуп калды. Кыз болгону 26 жашта болчу.

Видео:

Яндекс.Метрика