Видео

Видео. Эрулан Кокуловду түнкү клубка киргизбей коюшту

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов “Промзона” түнкү клубунун кире беришинде баш кийимин жана күрмөсүн чечкиси келбей, милиция чакырган. Ал муну администрация тарабынан конституциялык укугун бузуу катары баалаган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Кокулов аталган жайдын администрациянын сырт кийимин чечүү өтүнүчү анын укугун бузгандык деп түшүндүрүп, милицияга кайрылганын тастыктады.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму татыктуубу деген суроого Кокулов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты.

Ал эми администрация өз кезегинде бул клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүргөн.

Яндекс.Метрика