Видео Жаңылыктар

Видео. ГЭСке боюн таштап жиберген кыз куткарылды

Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген кызды куткаруучулар алып чыгып жаткан видео интернетте пайда болду. Маалыматка ылайык окуя Аксы районун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында болгон.

«Окуя бүгүн 20-майда түштөн кийин орун алды. Кыздын аты-жөнү ким экендиги азырынча белгисиз. Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген экен, жергиликтүү тургундар көрүп, суудан чыгарып алышты»,- деп билдирди жергиликтүү тургун.

Бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Аксы райондук куткаруу бөлүмүнө байланышканыбызда, окуя такталып жаткандыгын билдирип, бирок ГЭСтин кыз түшкөн тарабы Таш-Көмүр шаарына карай тургандыгын айтышты.

Видео:

Маалыматка ылайык кыз 19 жашта. Учурда анын абалы жакшы. Ал Шамалды-Сайдагы ооруканада терапия бөлүмүндө жатат.

Яндекс.Метрика