Видео Дүйнөдө Кызыктуу

Видео. Гимн башталганда эмне кылышты билбеген аскерлер талкууга түштү

9-майда республикада белгиленүүчү жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада жогорку даражалуу аскер кызматкерлери өлкөнүн гимнин кандайча эскерүүнү билбей бирин — бири туурашып, бир чечимге келе албай жаткан видео тарады. Окуя Өзбекстанда болгон.

Видеодо гимн ойнолгон учурда Сырдарыя районунун акими Гофуржон Мирзаев дароо колун көкүрөгүнө койгонун көрө аласыз.

Бирок аскер башчыларынын арасында баары мындай кылган эмес. Алардын жарымы колдорун көкүрөгүнө койсо жарымы эмне кылышты билген эмес. Алар мындай иш-чарага биринчи жолу катышып жаткандай.

«Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө» мыйзамга ылайык, гимнди эл алдында ырдап жатканда, адамдар оң колунун алаканын төштүн сол жагына, ал эми формачан аскер кызматчылары — баш кийимге. Видео дароо вирустун ылдамдыгында тарап, талкуу жаратууда.

Видео:

Ташкент быйыл Коронавирус чектөөсүнө байланыштуу Өлбөс полктун жүрүшүн жокко чыгарууну чечкен. Апрелде Өзбекстан Россиянын Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясын алган. Республиканын бийлиги бул дарыны 17-февралда жактырган.

Яндекс.Метрика