Видео Дүйнөдө

Видео. Хиджабчан аялдын күйөөсү дарыгерди сабады

Россиянын Нижневартовск шаарында бир киши хиджаб менен келген аялын текшергени үчүн дарыгерди сабады. Тиешелүү видеону Mash Telegram каналы жарыялады, деп жазат Lenta.ru.

Хиджаб кийген бейтап адиске келип текшерүүдөн өткөн. Дарыгер анын колдорун, буттарын жана ичин караган. Андан кийин аялдын күйөөсү кеңсеге кирип келип дарыгерге кол көтөргөн. Видео социалдык тармактарга тез арада жайылып, кызуу талкуу жаратууда.

Кадрда бир кишинин кабинетке кирип келип, медикке бир нече сокку урганы көрсөтүлгөн. Telegram каналынын маалыматы боюнча, полиция беш мүнөттөн кийин келген, жабырлануучу тез жардам чакырууга аргасыз болгон. Дарыгер өзү белгилегендей, буга чейин хиджабдагы бейтаптарды текшерүүдө мындай кыйынчылыктар болгон эмес.

Видео:

Яндекс.Метрика